COVID-19: алты бейтап каза болду, илдет 333 кишиден аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 30-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарында, Чүй облусунда эки жана Ысык-Көлдө бир адам.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1 803​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 333 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 104 555 кишиге жетти. Андан 98 300 адам айыкты.

Ушул күндөрү 1 685 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 90 адамдын абалы өтө оор, 436 кишиники оор деп бааланууда. (BTo)

Дагы караңыз

“Челси” клубу Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жеттиУКМК Сегизбаев пневмония болуп ооруканага жаткырылганын ырастадыМедакадемиянын ректору шайланды Байден өлкө бюджетинин долбоорун Конгресстин кароосуна жөнөттү Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт