Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Байден өлкө бюджетинин долбоорун Конгресстин кароосуна жөнөттү


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден өлкөнүн 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун Конгресстин кароосуна жөнөттү.

6 триллион долларлык бюджетке жакыр жана ортоңку катмардагы америкалыктар үчүн жаңы чыгымдар, инфраструктурага, билим берүүгө жана киберкоопсуздукка багытталган сунуштар кирди.

Быйыл январда ишке киришкен Байден үчүн чыгаша боюнча бул алгачкы долбоор анын саясий артыкчылыктарынын фискалдык планы жана, балким, долбоорду беките турган Конгресс менен бир нече айга созулушу ыктымал оор сүйлөшүүлөрүнүн башталышы болот.

Эгер бюджет жактырылса кирешеси көп ишканалар жана адамдар көбүрөөк салык төлөй башташат жана ошол акча жаңы социалдык программаларга, мисалы, беш жашка чейинки наристелер үчүн бала бакча ачууга жумшалат.

Өкмөткө караштуу агенттиктердин киберкоопсуздугуна жүз миңдеген миллион доллар сарптоо сунушталып жатат.

Бюджет 1-октябрда ишке ашырыла башташы керек болот. Анда каралган сумма мамлекеттик чыгашанын пандемияга чейинки көрсөткүчүнөн 50 процентке көп. Бюджеттин тартыштыгы 1,84 триллион доллар болору, бул соңку эки жылдан берки көрсөткүчтөн кыйла төмөн экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG