Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо дайындаганы расмий кабарланды.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Жогоруда аталган үч шаарда добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү жокко чыгарылгандан кийин президент 30 күн ичинде кайра шайлоону дайындап, 40 күн аралыгында датасы аныкталууга тийиш.
Дагы караңыз
Таласта "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент ачылды"Кел-келдин" Алишери кетти... “Вега” компаниясынын ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү“Элит Хаус” компаниясынын ээси Тимур Файзиевге сыртынан айып тагылдыАзербайжан армян аскерлерин туткунга алдыКадр саясаты: орун алмашуу жана иштин сапаты