Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

“Элит Хаус” компаниясынын ээси Тимур Файзиевге сыртынан айып тагылды


УКМК маалымат билдирүүгө тиркеген «Элит Хаус» компаниясынын курулуш объектиси.
УКМК маалымат билдирүүгө тиркеген «Элит Хаус» компаниясынын курулуш объектиси.

27-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарды.

“Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Жазык кодексинин “Кылмышка кошо катышуу” (43-берене, 2-бөлүк) жана “Коррупция” (319-берене, 1-бөлүк) беренелери менен шек саналууда. Ага кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогон. Маалыматка ылайык, Файзиевдин ушул тапта кайда экени белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл январь айында Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында шаар курууга шайкештиги жана уруксат берчү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү системалуу куруу фактысын аныктаганын билдирген.

Текшерүүдө ири курулуш компанияларынын бири узак убакыт бою мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.

Атайын кызмат тараптарга инженердик тармактарды, курулуш-монтаждоо иштерин эрежеден тышкары, мыйзамсыз жүргүзгөн, бул үйгө жайгашчу тургундардын өмүрүн тобокелге салган деген кине койгон.

УКМК кине коюлуп жаткан мамлекеттик органдын, андагы жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын ачыкка чыгарган эмес. Бирок маалыматка «Элит Хаус» курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү тиркелген. (MiK)

XS
SM
MD
LG