Айбек Жунушалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Айбек Жунушалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп Айбек Жунушалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 20-майда президент Садыр Жапаров кол койду.

Айбек Жунушалиев 44 жашта. 2000-жылдан тартып Чүй облустук администрациясында, өкмөт аппаратында, президенттик аппаратта, эл аралык уюмдарда ар түрдүү кызматтарды аркалаган. 2021-жылдын февраль айынан тартып өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

5-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган Артем Новиков 20-майда бул кызматтан бошотулуп, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. (МТа)

Дагы караңыз

АКШ "Түндүк агым-2" газ куурунун орусиялык операторуна санкция салбайтАкылбек Жапаров: “Кумтөрдөгү” өндүрүш колго башкарылып жататБлинкен менен Лавров эки тараптуу мамилелерди талкууладыБөлтүрүк: "Кумтөр" жаңы программалык система менен иштейт