Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Бөлтүрүк: "Кумтөр" жаңы программалык система менен иштейт


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Кумтөр алтын кенинин ишин камсыздаган жаңы программалык система киргизилет. Бул тууралуу "Кумтөр Голд" компаниясына тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Ал 15-майда Кумтөрдөгү бардык программалык система өчүрүлүп, маалыматтар жашырылганын айтты:

"Бүгүнкү күнү биздин алдыбыздагы эң башкы максат - кендеги ишти турукташтыруу. Ал үчүн тез арада автоматташтырылган башкаруу системасын калыбына келтириш керек. 15-майда Кумтөр алтын кенинин ишин жүргүзгөн бардык программа блоктолгон. Муну "Центерра Голддун" жетекчилиги жасаганы тууралуу негиз жана фактылар бар".

Тенгиз Бөлтүрүк мөңгүлөрдүн жылышын жана карьердин абалын мониторинг кылып турган системанын өчүрүлгөнү эң коркунучтуу экенин айтты.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айтуусунда, "Центерра Голд" компаниясы киргизген программалык системанын ордуна жаңы система ишке кирет.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Министрлер кабинети 17-майда "Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу киргизип, алтын кениндеги өндүрүштү өз көзөмөлүнө алды.

16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Бул тууралуу билдирүү компаниянын сайтына жарыяланды. (МТа)

XS
SM
MD
LG