Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:34

Акылбек Жапаров: “Кумтөрдөгү” өндүрүш колго башкарылып жатат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кендеги соңку кырдаал тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Ал кендеги ишмердүүлүктү интернет аркылуу көзөмөлдөп турган система өткөн жума күнү өчүрүлгөндөн бери “Кумтөр Голд” ишканасындагы өндүрүш колго башкарылып жатканын айтты.

“Датчиктерден интернет аркылуу сигнал берилип, маалыматтын баары компьютерден чыгып турчу. Азыр эми ал датчиктерге бирден кызматкерди коюп иштетип жатышыптыр. Алар мөңгүлөр тууралуу маалыматты кендеги инженерлерге айтып, алар абалды көзөмөлдөп жатышат. Адам баласына коркунуч келтирчү жерлер бир да секунда, бир да мүнөт каралбай калган жок. Айла алтоо болсо, акыл жетөө да. Бирок мунун баары кол менен жасалууда. Ушундай жол менен иштей берсе болот. Азыр укук тартибин коргоо органдары, биздин адистер чет элдик адистер менен сүйлөшүп жатат. Эми 10-20 күндүн ичинде мунун баарын калыбына келтиребиз”,-деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган. Убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында айтылды.

Кыргызстан «Кумтөр Голд» жалпысынан 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин айтып жатат. Анын 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айыппул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан. 16-майда кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG