Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди

2019-жылы Бишкектеги эски аянтта окуган айт намазы.

Мусулмандардын Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди. Аалымдар кеңеши ушундай чечим кабыл алганын муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Бирок Айдын чыгышына карап бир күнгө айырма болуп калышы мүмкүндүгү эскертилди.

Орозо айт - Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири, ыйык Рамазан айынын жыйынтыкталышы болуп саналат. Рамазан айы быйыл 13-апрелде башталган. Диний эрежеге ылайык, адамдар 30 күн бою күндүз даам сызбайт, суу ичпейт.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам мечиттерде жана борбордук аянттарда топтошуп айт намазын окууга тыюу салынган. Бул жылы намазга байланыштуу кандай чечим болору азырынча белгисиз.

Дагы караңыз

Чек арада жабыркагандарга берилчү кенемтенин көлөмү аныкталды Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКумтөргө сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынды Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында сел жүрдү"Клооп Медианын" БШКга каршы арызын сот канааттандырган жокЖамгырдан улам Ош шаарында таза суу берүү токтотулдуДүйнөдө коронавируска чалдыккандар 155 миллиондон аштыCOVID-19: оору жуккан дарыгерлерге кенемтеге 243 миллион сом бөлүндү COVID-19: үч бейтап көз жумду, 385 адамдан жаңы аныкталды