Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында сел жүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-6-май күндөрү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Бир катар чарбалык объектилер зыянга учурады.

Баткен облусунда көпүрөлөрдүн четин суу жеп, Кадамжайдагы Охна гимназия-мектебинин суу түтүкчөсү үзүлүп кетти, Пушкөт жайлоосуна барган жол бузулду.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр дарыясында суу ташып, Карача кыштагындагы, Кеңеш айыл аймагындагы турак-жайларга, Алтын-Кыя айылына барчу жолдун боюндагы тосмолорго коркунуч жаралды.

Ала-Букада Кара-Үңкүр сайынан келген сел 10 баш кой-эчкини агызып кетти.

Бишкек-Ош жолунун Ноокен районунун аймагынан өткөн бөлүгүндөгү шакекчелерге суу батпай, жолду жана беш гектар эгин талаасын каптады. Ноокендин Арал айыл аймагына 5-майда “Өзгөчө кырдаал” киргизилип, эртеси алынды.

Аксыдагы Падыша-Ата дарыясынан суу ташып, бир үйдүн короосун каптады, чарбалык көпүрөдө кооптуу абал жаралды. Кербен шаарында бир мектептин, бир бала бакчанын, үч үйдүн, бир сарайдын короосун, дарыкананын жана бир катар үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптады.

Ош облусунун Сары-Таш-Карамык жолунда электр мамыларын суу каптады. Өзгөн районундагы Куршаб, Кызыл-Сеңир айылдарында турак-жайларды суу каптады. Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы үйлөрдүн короолоруна суу кирди.

Үч облуста тең селдин кесепетине каршы күрөшүү уланууда.

XS
SM
MD
LG