Кабулда медиктер чабуулга кабылды

Кабулдун түндүгүндөгү Баграм аба базасынын жанындагы текшерүү пункту, 29-апрель 2021-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда медицина кызматкерлерин ташып бараткан кичи автобус жол четинде катылган бомба жардыруусуна кабылып, бир адам мерт болду.

Кабулдун полициясынын башкы басма сөз катчысы Фердаус Фарамарз билдиргендей, бул окуяда жараат алган үч киши ооруканага жеткирилди.

Окуя медицина кызматкерлери Панжшер провинциясына бара жатканда болгон. Бул чабуулга азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

Соңку күндөрү Ооганстанда бул сыяктуу чабуулдар жана "Талибан" кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуулары күчөдү.

Дагы караңыз Ооган бийлиги талибдердин чабуулунун мизин кайтарганын жарыялады

1-майда АКШ Ооганстандагы аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетүү жараянын баштаган. 2-майда америкалык күчтөр Гилменддеги бир базасын ооган коопсуздук кызматтарына өткөрүп берген.

Президент Жо Байдендин буйругунун негизинде 2,5 миңдей америкалык аскер ооган жергесинен 11-сентябрга чейин толук чыгып кетиши керек.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: жаңы Баш мыйзамда азыркы чакырыктар эске алындыАбдикарим Алимбаев Баткендин губернатору болуп дайындалды Марипов курулуш компанияларын Баткенге жардам берүүгө чакырдыЭкспертиза Айзада Канатбекованын өлүмүнүн жаңы жагдайын аныктадыЖапаров: Азыркыдай каатчылык бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмесТИМ: Тажикстандан чыгарылган кыргыз жарандарынын маселеси көзөмөлдө