Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Абдикарим Алимбаев Баткендин губернатору болуп дайындалды


Абдикарим Алимбаев.
Абдикарим Алимбаев.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун жарлыгы менен Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Баткендин буга чейинки губернатору Өмүрбек Суваналиев 4-майда “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген жүйө менен кызматтан бошотулган.

48 жаштагы Абдикарим Алимбаев буга чейин Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басары кызматтарында иштеген.

Баткен облусунун жетекчисин алмаштыруу тууралуу чечим Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин кабыл алынып жатат.

XS
SM
MD
LG