Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) убактылуу же такай жашап жүргөн, кыргыз паспорту бар жарандардын Тажикстандан чыгарылып жатканы тууралуу комментарий берди. Анда бул маселе министрликтин көзөмөлүндө экени айтылат.
"Мындай фактылар бизге белгилүү. Бул маселе март айынын ортосунан тартып Лахш (мурдагы Жерге-Тал) районунда күтүүсүз текшерүүлөр тууралуу алгачкы маалымат түшкөндөн тартып Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө” деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада 1-апрелде тажик кесиптеши менен жолукканда буга байланыштуу камтамачылык билдиргени белгиленген. Маселе эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде талкууланып жатканы айтылган. Андан сырткары Бишкек Дүйшөмбүгө маселени чечүү үчүн жакынкы күндөрү министрликтер аралык кеңешме өткөрүүнү сунуштаган.
Буга чейин Тажикстан кыргыз паспортун алып жүргөн жарандарды өлкөдөн чыгарып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Дүйшөмбү буга байланыштуу расмий комментарий бере элек.