Президент Садыр Жапаров 5-майда элге жасаган кайрылуусунда армиянын реформасын да токтолду:
"Анын эки негизги багытына токтолоюн. Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруубуз керек. Экинчи жагынан, биз „элдик кошуундарды“ түзүүгө өтөбүз. Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат".
Президент 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Ал сөзүнүн башында Баткендеги коогада курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштады. Кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажикстанда 18 киши көз жумганын "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган.
Дагы караңыз
Марипов курулуш компанияларын Баткенге жардам берүүгө чакырдыКыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалСадыр Жапаров: өлкө коопсуздугуна коркунуч жараткан окуя болду Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койдуАбдикарим Алимбаев Баткендин губернатору болуп дайындалды ТИМ: Тажикстандан чыгарылган кыргыз жарандарынын маселеси көзөмөлдө