Конституциянын кабыл алынганына 28 жыл толду

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 28 жыл толду.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактады.

Президент Садыр Жапаров Конституция күнү менен элди куттуктап, жаңы Баш мыйзам өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылганын билдирди.

5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

Дагы караңыз

Абдикарим Алимбаев Баткендин губернатору болуп дайындалды Марипов курулуш компанияларын Баткенге жардам берүүгө чакырдыСадыр Жапаров: жаңы Баш мыйзамда азыркы чакырыктар эске алындыТИМ: Тажикстандан чыгарылган кыргыз жарандарынын маселеси көзөмөлдө Бешимов: чек ара чырына расмий аныктама берилиши керек