Өтмөк ашуусунда сел жүрүп, кошумча күч тартылды  

Өтмөк ашуусу. 03.05.2021.

3-майда Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 11-чакырымында (Өтмөк ашуусунда) сел жүрдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-май күнү саат 19:30 чамасында жол жээгинде суу көбөйүп сел жүргөн. Учурда жол бир тараптуу ачык. Жол тейлөө ишканасынын эки оор техникасы тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-3-май күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар экенин эскерткен. (MKt)

Дагы караңыз

Озонниа Ожиело: БУУ Баткенди калыбына келтирүүгө жардам беретЖурналисттердин укугун коргогон адвокат Зикрацкий Беларустан чыгып кеттиАрмениянын Улуттук жыйыны Пашинянды премьерликке шайлаган жокТашкент Бишкекке көңүл айтты Ош шаарында регби боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталдыАктивист Өндүрүш Токтонасыров пикет өткөрүп, БУУга кайрылды