Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:24

Озонниа Ожиело: БУУ Баткенди калыбына келтирүүгө жардам берет


Куралдуу кагылышта талкаланып, өрттөлгөн үйлөрдүн бири. 03.05.2021.
Куралдуу кагылышта талкаланып, өрттөлгөн үйлөрдүн бири. 03.05.2021.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело Баткен облусунда чек ара чатагында талкаланган имараттарды калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Калыбына келтирүү иштери кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен жасалат. Ожиело мындай пикирин бүгүн, 3-майда тышкы иштер министр Руслан Казакбаев менен жолугушууда айткан.

Маалыматка ылайык, жаңжалдан кийин Баткенде кыйраган имараттарды калыбына келтирүү иштерине байланышуу БУУга бир канча өтүнүчтөр түшүп жатат.

Жаңжалда өрттөлгөн, талкаланган турак жайларды кыргыз өкмөтү өзү калыбына келтирерин Максат айылында эл менен жолугушуу учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ал “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып, өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүүнү Тажикстандан талап кылбай турганын билдирген.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жүзгө жакын имарат талкаланып, өрттөлдү.

Набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Кошуна өлкө кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөдү. (MiK)

XS
SM
MD
LG