Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:14

Ташкент Бишкекке көңүл айтты


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов. Ташкент шаары, 2020-жылдын 5-ноябры.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов. Ташкент шаары, 2020-жылдын 5-ноябры.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 3-май күнү Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигине барып, кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу калабанын курмандыктарына көңүл айтты.

Бул тууралуу маалымат Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына чыкты.

Министр Камилов Ташкенттеги кыргыз элчилигиндеги көңүл айтуу китепчесине кайрат айткан жазуусун калтырды.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG