Бишкекте кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жараат алгандарга бүгүн, 30-апрелде 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу республикалык Кан борбору кабарлады.
Аталган мекеме кан тапшырууну каалагандарга паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен келиши керектигин эскертти. Ошондой эле кан тапшырардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керектигин белгилейт.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Расмий маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.
Ал эми Тажикстандан канча адам жабыркаганы тууралуу расмий кабар айтыла элек.
"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн экенин жазды. 90 адам жараат алганы кабарланды. (MiK)
Дагы караңыз
Чек ара жаңжалында сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүнЕБ чек ара чырын жөнгө салууда Кыргызстандын аракетин кубаттадыОрусия кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу үн каттыМарипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште чек ара маселесин көтөрдүУларбек Шаршеев: өрт чыккан чек ара тозоттордон жоокерлер кеткен жокӨзбек президенти Жапаров жана Рахмон менен чек арадагы абалды талкуулады