Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Орусия кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу үн катты


Мария Захарова
Мария Захарова

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова комментарий берди. Бул тууралуу орус тышкы саясат мекемесинин расмий сайтында жарыяланды. Анда Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануу менен байкоо салып турганын билдирген.

"Тилекке каршы, куралдуу жаңжалда мерт кеткендер бар. Эки тараптан тең бир канча адам жараат алды. Азыркы учурда абал турукташты, бирок чыңалуу дале сакталууда. 30-апрелге караган түнү тараптардын кагылышты токтотуп, чыңалган абалды сүйлөшүү жолуна салып, аскерлерлер жана техниканы чыгаруу боюнча келишимин кубаттайбыз",-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле эки тарапты мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырып, Орусия кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG