Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

Чек ара жаңжалында сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн


"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн экенин жазды. Ошондой эле каза болду деген сегиз адамдын аты-жөнү тизмектеди. Алар:

-Тажикстандын Чек ара кызматынын кызматынын бөлүктөрүнүн биринин командири, 28 жаштагы Салохиддин Гадоев,

-чек арачылар Шерали Рахматзода менен Сафар Набиев,

-Исфаранын тургуну Бахтовар Махмудов,

- Овчи-Калъача айылынын тургуну 32 жаштагы Умеджан Юсуфов,

- Дахбед айылынын тургуну Некруз Гафуров

- Чорку айылынын тургундары Хикматтулло Махкамов жана Иброхимкон Хошимзода экени айтылууда.

Тажик бийлиги бул маалыматты бышыктай элек. Буга чейин тажик тараптан 28-29-апрелдеги кагылыштары учурунда тогуз адам жараат алганы кабарланган.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 29-апрелдеги куралдуу жаңжал учурунда Кыргызстандын 13 жараны мерт кетип, 134 адам жараат алганын билдирген. Каза тапкандардын үчөө аскер кызматкери, бир тестиер кыз бар.

XS
SM
MD
LG