Бишкектеги активисттер кыргыз-тажик чек арасынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуп жатат. Акциянын уюштуруучуларынын бири Токтошбай Муктар уулунун айтымында, эки фура Бишкектеги Ош базарына жакын аймакка токтотулган.
“Азык-түлүк, жылуу жууркандарды чогултуп жатабыз. Акцияны Ош базардан баштадык. Жардамды Бишкектеги колу ачык адамдар берип жатышат. Азырынча фуралар толо элек”, - деди.
30-апрелде Ош шаарынын мэриясы Баткенге 500 миң сом бөлүп, жеке ишкерлер менен биргеликте дагы 2 млн. сомдук азык-түлүк жөнөттү.
Мындан тышкары Кыргызстандын жер-жерлеринде Баткенге гумжардам жөнөтүү демилгелери көтөрүлүп жатат.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)
Дагы караңыз
БУУ кыргыз-тажик чек арасындагы абалга тынчсызданды Оштон Баткенге беш миллион сомдук гуманитардык жардам жөнөтүлдүСуваналиев: Тажик аскерлери кыргыз айылдарын басып алды деп айтуудан алыспызЧек ара чырында мерт болгондордун тизмеси жарыяландыСуваналиев: Атышпоо келишими бир жолу бузулдуЧек ара чырында үч аскер каза таап, дагы 20сы жарадар болдуБаткен милициясы: Тажик тарап Лейлектин Интернационал айылынын башчысын барымтага алды Кан борборуна кезек күткөндөр көбөйүүдө