Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:59

Баткен милициясы: Тажик тарап Лейлектин Интернационал айылынын башчысын барымтага алды


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.

Баткенде Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысын тажик тарап барымтага алды. Бул тууралуу 30-апрелде эртең мененки саат 11де Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 29-апрелде "Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылына тажик аскерлерине тийиштүү техника кирген. Интернационал айылынын “Жилой дом” участогундагы кыргыз жарандарынын үйлөрүнө тажик аскер кызматкерлери кирип алган. Интернационал айылынын башчысы ошол жерге жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгону тууралуу маалыматты тактоо үчүн барганда тажик жарандары аны барымтага алышкан”.

Бул факт Лейлек райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргызстандын Жазык кодексинин 380-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Борбордук жана Интернационал айылдарындагы соңку абал тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

Облустук милиция ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда.

Баткен жана Лейлек райондорунда кеминде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл жана май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү. (JsA)

XS
SM
MD
LG