Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:19

Оштон Баткенге беш миллион сомдук гуманитардык жардам жөнөтүлдү


osh
osh

Бүгүн, 30-апрель күнү Ош шаарынын мэриясы Баткенге 500 миң сом бөлүп, жеке ишкерлер менен биргеликте дагы 2 миллион сомдук азык-түлүк жөнөттү.

Мындан сырткары Ош облусунан Баткенге 60 тонна гуманитардык жардам жиберилди. Анын басымдуу бөлүгү азык-түлүк, жалпысынан 17 тонна картошка, 3 тонна ун жана өсүмдүк майы чогултулган. Ага кошумча Ош облусунун жарандарынын демилгеси менен да жардам келе баштады.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматтары кабарлады.

Шаардык мэрия Баткенде чек ара чырында жабыркаган тургундарга колдоо көрсөтүү максатында атайын эсеп ачып, атайын комиссиялык топ түзгөн.

Ош шаарында жигердүү жаштардан, тургундардан, коомдук фонддордон турган атайын штабдар ачылып, азык-түлүк, акчалай жардам чогултуу уланып жатат.(MrA)

XS
SM
MD
LG