Экинчи дүйнөлүк согуштун Кыргызстандагы ардагерлеринин ар бирине 70 миң сомдон берилет. Мындай буйрукка президент Садыр Жапаров бүгүн 28-апрелде кол койду.
Кыргызстанда соңку бир жылда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери теңине чейин азайды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы 27-апрелде “Азаттык” радиосуна билдиргендей, быйыл 1-апрелде өлкөдө бул согуштун 146 ардагери бар экени белгилүү болгон. Былтыр ушул маалда алардын саны 241 болчу.
146 ардагердин 33ү согуштун майыбы, 85и катышуучусу, 13ү бала кезинде концлагердин туткуну болгондор, ал эми 15и Ленинград блокадасында калгандар. Мындан тышкары оруктун эмгекчилеринен 1304 адам, эмгек армиячыларынан экөө бар.
1941-1945-жылкы согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. (MiK)
Дагы караңыз
Казакстан: ИИМ качкындарга жарандык берүүнү кароого убада берди Алайда памирлик кыргыздарга паспорт берилдиБишкекте улуттук кибер машыгуу башталды"Жамийла" повести боюнча кыргыз-швейцариялык көркөм тасма тартылатКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат29-апрелдин аба ырайыБУУ чыр-чатактарда жарандык калкты коргоого чакырды