Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Казакстан: ИИМ качкындарга жарандык берүүнү кароого убада берди  


 Шинжаңдан качып келген эки этникалык казак Казакстандагы АКШ элчилигинин кабыл алуусунда.
Шинжаңдан качып келген эки этникалык казак Казакстандагы АКШ элчилигинин кабыл алуусунда.

Кытайдагы Шинжаң аймагындагы куугунтуктан качып келген, 2018-2019-жылдары кытай-казак чек арасын кесип өткөн этникалык казактар - Кайша Акан, Мурагер Алимулы жана Кастер Мусаханулы өткөн жумада казак бийлигинен жарандык берүүнү же болбосо үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү үчүн документ менен камсыздоону суранып, арызданды. .

Кайша Акан өткөн жылы октябрь айында убактылуу качкын макамын алган. Ал 28-апрелде Казакстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен видео-байланыш аркылуу жолукканын айтты.

Анын айтымына караганда, министрликтин өкүлдөрү менен онлайн-жолугушууда ага жакынкы 3 айда жарандык берүү маселеси карала турганын убада кылышкан.

"Алар эгерде Казакстан жарандык бере албаса, 2022-жылы 1-январынан тарта "Качкындар тууралуу" мыйзамга ылайык, үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүгө документ берүү маселеси карала турганын айтышты. Бирок биздин убактылуу күбөлүктөрүбүздүн мөөнөтү быйыл октябрь айында бүтөт", - деди Кайша Акан "Азаттыктын" казак кызматына курган маегинде.

Шинжаңдагы Кытай бийлигинин куугунтугунан качып, чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Казакстанда соттолгон үч этникалык казак убактылуу качкын макамын алганы менен жеңилдиктерге ээ боло алышпаганын белгилешти.

Алардын Казакстандагы коопсуздугу менен социалдык камсыздоосу каралбаганын айткан качкындар учурда оор абалда жашап жатышканын билдиришкен.

Алар ар кимиси ар башка жерден, бирок бир күндө быйыл январь айында Алматы шаарында кол салууга дуушар болуп, бычакталганын мисалга алышты.

Ички иштер министрлигинин миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Гани Шымырбаев аталган үч этникалык казак үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүгө арыз бергенин ырастап, бирок чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөргө жарандык берилбестигин эскертти.

XS
SM
MD
LG