Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Бишкекте улуттук кибер машыгуу башталды


Бишкекте улуттук кибер машыгуу тренинги өтүүдө. Сүрөт УКМКныкы.
Бишкекте улуттук кибер машыгуу тренинги өтүүдө. Сүрөт УКМКныкы.

Бишкек шаарында "Санариптик Кыргызстан 2021" аталышында кибер машыгуу өтүп жатат. Иш-чараны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бир катар эл аралык уюмдар менен чогуу уюштурган. Машыгуу 28-29-апрель күндөрү өтөт.

Машыгуунун максаты, мамлекеттик кызматкерлерди компьютердик чабуулдарды аныктоого үйрөтүү, аны иш-жүзүндө колдонуу болуп саналат.

Практикалык көнүгүүгө киберкоопсуздук жаатындагы эл аралык компаниялардын эксперттери чакырылган жана Эл аралык телекоммуникация бирлигинин кибер платформалары колдонулат.

“Өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздоо бир эле департаменттин милдети эмес, менчиктеринин түрүнө карабастан, бардык мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдети экендигин түшүнүү керек”, - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Машыгуу мамлекеттик программаларды, “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” Санариптик трансформация концепциясын жана 2019-2023-жылдарга Кыргызстандын киберкоопсуздук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG