Бажы кызматы төрт айда 11,6 миллиард сом чогултту

Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Мамлекеттик бажы кызматы 2021-жылы январь-апрель айларында 11 миллиард 640 миллион сом чогултту. Бул тууралуу вице-премьер-министр Артем Новиков бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Маалыматка ылайык, бул каражат планда көрсөтүлгөндөн кыйла аз.

Өлкө казынасына каражаттын көпчүлүк бөлүгү Мамлекеттик салык кызматы менен Бажы кызматынан түшөт.

2021-жылга карата Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом деп кабыл алынган. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 8 млрд. 463 млн. сом.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу ишкерлик токтоп, чек аралар жабылып эки тармактан тең салык аз чогултулган жана жыл аягында бюджеттин таңкыстыгы 30 млрд. сомго жеткен. (MiK)

Дагы караңыз

Таласта саяпкерлердин нааразылык акциясы өттүЗеленский: Орусиялык аскерлер каалаган учурда кайтып келиши мүмкүнМарипов: Банк тармагын санариптештирүү үчүн реформалар зарылАКШ Кабулдагы кызматчыларынын жарымын өлкөдөн кетүүгө чакырды Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо акциясы өттүЖКда министр Бейшеналиев тууралуу маселе көтөрүлдү Бишкекте электромобилдердин жүрүшү болот