28-апрелде эртең мененки саат 10:00до Бишкек шаарында электромобилдердин маршы болот. Бул иш-чара шаар күнү жана абанын булганышына каршы уюштурулуп жатат.
Марш Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан “Ден соолук” паркынан башталып, шаардагы бир нече көчөнү ааралап өтөт.
Шаардыктардын коопсуздугу үчүн жүрүштүн катышуучуларын Жол көзөмөл кызматы менен “тез жардам” унаасы коштоп жүрөт.
Жылына Бишкектин абасына 180 миң тонна уулуу зат бөлүнүп чыгат. 2020-жылдын күз айларынан бери Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башында турду. (BCh)