Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:58

ЖКда министр Бейшеналиев тууралуу маселе көтөрүлдү


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин парламентке келишин бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар талап кылышты. Алар өлкөдө коронавирустун эпкини кайра күчөп турган учурда министр кырдаалды түшүндүрүп бериши керек деп эсептешет.

“Вакцина тууралуу жана коронавирустун жаңы штаммы боюнча кырдаалды түшүндүрүп беришин бир айдан бери талап кылып жатабыз. Министр комитеттин жыйындарына да келген жок. Бүгүн да келбептир. Туура, ал министрди президент колдоп жаткан экен. Бирок депутаттарды да сыйлап коюшу керек да. Буга чейинки министрлерди да президент колдогон. Аларды да көргөнбүз”, - деди депутат Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Бейшеналиев жыйынга келбегенине байланыштуу аны кызматтан алуу маселесин бир нече жолу көтөрүшкөн.

Депутаттар “Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү анын бул кызмат ордуна ылайык келбейт” деп өкмөткө да сунуш жолдошкон.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул билдирүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавирустан дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилдене электигин эскерткен. (MiK)

XS
SM
MD
LG