Марипов: Банк тармагын санариптештирүү үчүн реформалар зарыл

Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында банк тармагын санариптештирүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарыл экенин билдирди.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын укуктары кеңейтилип, электрондук тейлөө тутумун ишке ашыруу процесси жакшыртылат. Бул кадам коронавирус кризисинин кесепетин жоюу максатында кабыл алынган.

Ага ылайык, өлкөдөгү банк тармагын санариптештирүүнүн алкагында электрондук эмгек китепчелери киргизилип, алардын эмгек жолу жөнүндө маалыматты алуу ыңгайлаштырылат.

Өкмөттүн аппаратынын cанариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков мамлекеттик IT-ишканалары кыскарып, ордуна борборлоштурулган бир мекеме түзүлөрүн билдирген.

Өкмөттүн ирилештирүү саясатынын алкагында Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жетекчилери (“Түндүк”, “Инфо-Система”, "Соцсервис", "Транском" жана "Укук") кызматынан бошотулган. (MiK)

Дагы караңыз

Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо акциясы өттүЖКда министр Бейшеналиев тууралуу маселе көтөрүлдү Бишкекте электромобилдердин жүрүшү болотЭл Баатыры Бексултан Жакиевдин байбичеси каза болдуПарламентте жоолук салынган окуучу кыздар маселеси айтылдыБишкекте журналист Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өттүДепутат өкмөт БУУнун 50 млн доллар грантын ала албай жатканын сындадыКоронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 322 адам жаңы катталды