Орусияда 9-майда "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт

"2018-жылдагы "Өлбөс полк" жүрүшү. Москва шаары.

Орусия 9-май - Жеңиш күнүндө "Өлбөс полк" жүрүшү быйыл да өтпөй турган болду. Уюштуруучулар муну коронавирустун жайылышынын алдын алуу деп түшүндүрүштү. Ал эми салттуу парад өтөр-өтпөсү тууралуу азырынча маалымат жок.

Өлкөдө COVID-19 илдетинен улам киргизилген чектөөлөр эбак алынып салынганына карабай, айрым аймактарда, арасында Москвада да митинг, жүрүш сыяктуу жапырт иш-чараларга тыюу салынган.

"Орусиянын өлбөс полку" кыймылынын борбордук штабынын теңтөрайымы Елена Цунаеванын айтымында, акция онлайн өткөрүлөт. Пандемияга байланыштуу кырдаал жумшарса, 24-июнда "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулат.

2020-жылы коронавирустан улам жүрүш жана салттуу парад өткөрүлгөн эмес. Карантин чектөөлөрү жумшаргандан кийин - 24-июнда Жеңиш парады уюштурулган, бирок "Өлбөс полк" онлайн гана болгон. Катышуучулар Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн атайын сайтка жарыялашкан.

"Өлбөс полк" акциясын 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Ага бир канча жолу Орусиянын президенти Владимир Путин да катышкан.

Акция кийинчерээк айрым постсоветтик мамлекеттерге да жайылган. Кыргызстанда бир канча жолу уюштурулуп, мамлекет башчылар катышкан учурлар болгон.

Дагы караңыз

COVID-19: дагы төрт бейтап каза болду, оору 306 кишиге жуктуКыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң кишини түздүУу коргошундан ууланды делген адам ооруканага түштүКомментарий жазуу эрежеси өзгөртүлдү