Быйыл да мурдагы жана азыркы президенттер эл менен кошо «Өлбөс полктун» жүрүшүнө катышты. Ошол эле маалда «кыргыз саясатчылары Кремлдин үгүт-насаатына салым кошуп жатат» деген пикирлер арбын.
9-майда Бишкекте жылдагыдай эле «Өлбөс полктун» жүрүшү өттү. Бишкекте жана аймактарда чоң программадагы майрамдык салтанаттар уюштурулду.
Жүрүшкө чыккандардын колунан Ата Мекендик согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүнөн тышкары Орусиянын желегин, Сталиндин плакатын көтөрүп чыккандар да болду.
Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков 9-майга өзгөчө маани берилип, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулуп жатканын кыргыз бийлиги Орусиянын геосаясий таасиринен чыга албай жатканы менен түшүндүрдү:
«Биздеги «элита», бийликте отургандардын баары - Орусиянын көзүн карап чечим чыгаргандар. Көпчүлүгү КПССтин мурдагы мүчөлөрүндөй эле сезилет. Ал кишилерден өз алдынча чечим кабыл алат деп күтпөшүбүз керек. Өз улуттук кызыкчылыгыбызга төп келген идеология түзүп, мындай окуяларга өзүбүздүн көз карашыбыз болушу керек болчу».
Ушул күндөрү жергиликтүү телеканалдарда СССРдин жеңишин даңктаган берүүлөр көрсөтүлүп, айрым бала бакчалар менен мектептерде согуштун маанайын чагылдырган сабактар өтөт.
Жарандык активист Алтын Капалова миллиондогон адам окко учкан апааттын бүтүшүн белгилеген датада Кыргызстан эски идеологиянын ыргагынан арыла албай жатканына кейиди:
«Айрым мектептерде балдар арасында сынак уюштурулат. Бул күндү шаан-шөкөткө айлантып, балдарга мылтык карматып, бийлетип, ырдатып жатабыз. Жалпылап айтканда, согушту романтикага айлантуу деп айтсам жаңылышпайм. Биз балдарга «согуш - жаман нерсе, эч качан кайталанбашы керек» деп айтып, маалымат беришибиз керек. Андай болбой жатканы өкүнүчтүү».
Ошол эле маалда кыргызстандыктардын согушта башынан өткөргөн азап-тозогун, кан майдандын аякташына кошкон салымын эскерүү мамлекеттин бейкут келечеги, жаңы муун үчүн маанилүү деп эсептегендер да бар.
«Мурас» коомдук фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташын, андагы СССРдин жеңишин даңазалоо мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгиледи:
«Бул дайыма эске салып туруучу окуя. Себеби, жүз миңдеген аталарыбыздан ажыраганбыз. Жок дегенде ушундай парад аркылуу эстеп туруш керек. Учурда мындай нерсени жалпы коомчулук колдоп жатат. Бул Орусиянын үгүтү эмес, Кыргызстан өзүнүн элинин эсине сала турган көрүнүш».
Айрым жергиликтүү тарыхчылар Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу көп кырдуу жаңы маалыматтар эми гана чыгып жатканын белгилешет. Ошол эле учурда саясатташкан маалыматтар менен ири державалар өз «чындыгын» таңуулап жатканын да айтышат.
Ал эми «Согуш тууралуу Кыргызстандын өзүнүн көз карашы кандай болушу керек?» деген суроого жооп бышып жетиле элек. Ошондой эле миңдеген адамдарга кайгы алып келген, миллиондогон адамдар кыргынга учураган мезгилдеги кыргыз элинин тарыхын изилдеген илимий эмгектер сейрек.
Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин кийинки урпактарга миңдеген кыргыз күбө болгон чоң трагедия жөнүндө кайсы бир идеологиялык кызыкчылыктарды көздөбөгөн, ар тараптуу маалыматтар менен билим берүүгө мезгил жеткенин айтты:
«Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы жөнүндө фактылардын бардыгы эми гана ачыкка чыгып жатат. Айрым советтик китептин туткунунда калган адамдарга кайра түшүндүрүш керек деп ойлойм. Ал эми бүгүнкү жаштар баарын калыс, тегиз карап окушу керек. Азыр ошол кездеги эки чоң тоталитардык өлкөнүн күрөшүнүн бир эле жагын карашат. Ал эми ошол учурда фашисттик, тоталитардык режимге өтө натыйжалуу күрөшкөн башка өнөктөштөр да болгон».
Кийинки жылдары 9-майды утурлай социалдык тармактарда СССРдин Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин атрибуту болуп саналган Георгий тасмасы жана «Өлбөс полк» жүрүшү боюнча талкуулар тынбай жүрүп жатат.
Айрым активисттер Георгий тасмасы баскынчылыктын, колониялаштыруунун символу экенин айтып, өлкөнүн өз тасмасын киргизүү боюнча демилге да көтөрүшкөн. Алар «Өлбөс полктун» жүрүшүн Орусиянын бийлиги геосаясий максатка пайдалануу үчүн бардык постсоветтик мамлекеттерге жайылтууга аракет кылып жатат деп сындашат.
1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам катышкан.