Мария Айтматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

Чыңгыз Айтматов жана Мария Урматовна Айтматова.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова бүгүн, 21-апрелде Бишкекте жерге берилет.

Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришкендей, маркум менен коштошуу зыйнаты саат 11де жазуучунун үй-музейинде болот. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

79 жаштагы Мария Айтматова 20-апрелде коронавирустан көз жумду.

Чыңгыз Айтматов экөөнүн ортосунда Ширин жана Элдар аттуу балдары бар. (NT)

Дагы караңыз

Тогуз партия «Ата-Журт Кыргызстанды» Ташиевге байланыштырдыЧаддын президенти оппозиция менен кармашта каза таптыАлматыдагы Кытай консулдугунда 72 күндөн бери митинг улануудаБолот Миңжылкиев атындагы эл аралык опера фестивалы болотУу коргошунга ууланды деген божомол менен үч бейтап ооруканада жатат