Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

Алматыдагы Кытай консулдугунда 72 күндөн бери митинг уланууда


Казакстан. Алматы шаарындагы Кытай консулдугунун короосуна кирүүгө аракет кылган аял.
Казакстан. Алматы шаарындагы Кытай консулдугунун короосуна кирүүгө аракет кылган аял.

Бээжиндин мусулмандарга каршы саясатын айыптаган бул митингдин катышуучулары Шинжаңда калган туугандарын бошотууну талап кылышууда. Бул саясий акция 11 жума мурун башталган.

Шейшемби күнү бул акцияга онго чукул аял чыкты. Бирок бул жолу да Казакстандын полициясы нааразылык акциясына чыккандарга Кытай консулдугунун дарбазасына жакындаганга мүмкүнчүлүк берген эмес. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Консулдуктан алыс өткөн митингде анын катышуучулары “Күнөөсүз камалган туугандарды бошоткула”, “Кытай кыргынды токтот” жана “Эркиндик” деген жазуулар бар плакаттарды кармап, ураан чакырып турушту.

Саясий акциянын катышуучуларына бийликтен же консулдуктан келип, кабар алгандар болгон жок.

XS
SM
MD
LG