Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:03

Уу коргошунга ууланды деген божомол менен үч бейтап ооруканада жатат


Министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги брифингде уу коргошун Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.
Министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги брифингде уу коргошун Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.

Бишкекте оор абалда ооруканага түшкөн үч киши уу коргошундан ууланган болушу мүмкүн деп божомолдонуп жатат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, 20-апрелде Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 61 жана 56 жаштагы жубайлар оор абалда барган. Аларга болжолдуу түрдө аконит же уу коргошундан ууланган деген диагноз коюлган. Алар уу коргошунду көп убакыт бою колдонуп келе жатышканын, өсмө оорусунан улам ууланардын алдында аны көбүрөөк ичип алышканын айтып беришкен.

Министрликтин маалыматына караганда, ушул эле күнү Улуттук кардиология жана терапия борборуна өтө оор абалда 63 жаштагы жаран түшүп, ага да белгисиз заттан ууланган деген диагноз коюлган. Андан анализ алынып, абалы эмнеден начарлаганы иликтенүүдө. Азыр үч бейтаптын тең абалы турукташты.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаровдун, андан кийин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирус жана башка дарттарды дарылоодо уу коргошундун пайдасы тууралуу билдирүүсү адистердин, жарандык коомдун катуу сынына кабылды. (NT)

XS
SM
MD
LG