Кыргызстанга көчүп келгендер жана журт которгондор азайды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы соңку миграциялык агым тууралуу сандарды жарыялады. Ага ылайык, 2020-жылы жалпысынан Кыргызстанга көчүп келгендер дагы, чет өлкөлөргө узак убакытка кеткендер, журт которгондор дагы азайган.

Бирок өлкөгө келгендердин санынан чет мамлекетке туруктуу жашоо үчүн (же ал жакта узак мөөнөт жашоого) чыгып кеткендердин санынын ашыктыгы байкалган.

Натыйжада, калктын миграциялык агымы (Кыргызстанга келгендердин жана чыгып кеткендердин сандарынын ортосундагы айырма) 21 пайызга төмөндөдү.

Комитеттин билдиришинче, былтыр 5800 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыгып кеткен. Алардын 65% Орусияга, 28% Казакстанга туруктуу жашоо үчүн журт которушкан. Ал эми 2019-жылы болсо Кыргызстандан 7600 адам көчкөн.

Былтыр Кыргызстанга туруктуу жашоо максатында бир миңдей адам келген. 2019-жылы болсо мындай адамдардын саны 1400дү түзгөн. (MiK)

Дагы караңыз

"Temirov lIVE": Бишкектеги хан сарай Сарыбашовдун тууганына катталган (видео)Кытай вакциналарынын таасири төмөн болуп жатканын моюнга алдыБашкы прокуратура Кудайберген уулу камалган жагдайды карайт Уу коргошунга ууланды деген божомол менен бир бейтап ооруканага түштү Акын Элмирбек Иманалиевдин ашы 22-апрелде өтөт БУУда Бишкектин экология тууралуу демилгеси колдоо тапты Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова көз жумду