Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:52

БУУда Бишкектин экология тууралуу демилгеси колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 16-апрелде Кыргызстандын “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору” деген резолюциясын кабыл алды.

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, резолюциянын негизги максаты – жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында чек ара кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.

Кыргызстан демилге кылган резолюция экология жаатындагы чек аралык кызматташтык маселелерин камтыган документтердин бири болуп саналат.

Резолюция ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, БУУнун алдында тоолуу өлкөлөрдүн достук тобун түзүү сыяктуу экология жаатындагы демилгелердин уландысы катары бааланат.

Былтыр октябрда Кыргызстандын ошол кездеги президентти Сооронбай Жээнбеков БУУда сөз сүйлөп, Кыргызстан экологиялык дипломатияны жана жашыл экономиканы алдыга сүрөй турганын билдирген. (MiK)

XS
SM
MD
LG