Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:02

Башкы прокуратура Кудайберген уулу камалган жагдайды карайт


Тилекмат Кудайберген уулу.
Тилекмат Кудайберген уулу.

Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын Башкы прокуратура мыйзамдын алкагында карап чыгууга аракет жасайт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин комитет жыйынында билдирди.

Анда Кудайберген уулунун жагдайына байланыштуу депутат Мирлан Жээнчороев маселе көтөрүп, активистти үй камагына чыгарууну суранган.

Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Тилекмат Кудайберген уулуна Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык айып коюлган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта камакка алынган.

9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Кудайберген уулу алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. Активист камалгандан соң нааразылык иретинде ачкачылык жарыяларын айтып, кийинчерээк токтоткон.

Кудайберген уулу жана башка активисттер каршы чыккан Конституциянын жаңы долбоору 11-апрелдеги референдумда кабыл алынды. Жаңы баш мыйзам парламенттин ыйгарым укуктары төмөндөтүлүп, президенттик башкарууга артыкчылык берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG