Судья Жээнбекованын иши жөнүндө эл аралык коомчулукка кайрылуу жасалды

Иллюстрациялык сүрөт.

"Жарандык көзөмөл комитети" Кыргызстанда сот көз карандысыздыгына басым уланып жатканын айтып, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана өлкөнүн эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылды. Уюм 20-апрелде жарыялаган кайрылууда судья Мира Жээнбекова тууралуу сөз болгон. Анда судьяга айып "негизсиз коюлду", деп айтылган.

Ушул айдын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун бир тууганы, судья Мира Жээнбекова мыйзамдуу киреше булагын көрсөтпөстөн 74 элиталык батир, 19 коммерциялык жай жана 10 унаа токтотуучу жай алганын жарыялаган. Жээнбековага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мира Жээнбекова ага коюлган дооматтарды четке каккан. Ал өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрү Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалганга чейин бар болгонун, УКМК фактыларды бурмалап бергенин белгилеген.

“Temirov Live” каналынын журналисти бул маалыматты текшерип чыккандан кийин атайын кызматтын кабары "аша чабуу" болгонун билдирген.

УКМК судьяга кылмыш ишин козгоого макулдук алуу максатында документтерди Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн.

"Жарандык көзөмөл комитети" БУУнун агенттиктерине, Европа Комиссиясына жана башка эл аралык өнөктөштөргө кайрылып, БУУга мүчө мамлекет катары Кыргызстанды адам укуктарын сыйлоого жана соттордун көз карандысыздыгын урматтоого чакырууну суранды. (SE)

Дагы караңыз

Тогуз партиянын өкүлдөрү "Ата-Журт Кыргызстанга" каршы чыгыштыАйеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү жети кишинин бири бошотулдуRSF: пандемияда басма сөз эркиндигинин абалы начарладыСузакта депутаттык мандат берилбей жаткан аял нааразы болууда "Акыйкатчы 115" аттуу чат бот иштей баштадыСуперлига: УЕФА менен бай командалардын тирешиБаткенде “Салттуу музыка жумалыгы” жана “Достук” фестивалы өтөтАктивист Токтонасыров министр Бейшеналиевди сындадыБашкы прокуратура Кудайберген уулу камалган жагдайды карайт COVID-19: оору дагы 225 адамдан аныкталды, эки бейтап көз жумдуЕвропа кеңеши Навальныйды бошотуууну талап кылат