Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:15

Баткенде “Салттуу музыка жумалыгы” жана “Достук” фестивалы өтөт


Баткен облустук драма театрынын артисттери
Баткен облустук драма театрынын артисттери

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 23-25-апрель күндөрү Баткен шаарында “Салттуу музыка жумалыгын” жана эл аралык “Достук” фестивалын өткөрөт.

Ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышат.

Министрлик бул иш-чаралардын максаты "салттуу музыканы даңазалоо, өркүндөтүп-жайылтуу, коңшу жашаган элдердин ынтымагын бекемдөө жана алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу болуп саналат", -деп билдирди.

Ошондой эле, иш- чара "салттуу маданияттагы кол өнөрчүлүктү даңазалоо аркылуу уста, чеберлерге дем берүүнү көздөп, элдердин достугун, ынтымагын биримдигин бекемдеп, жаш муундардын интернационалдык тарбиясын жакшыртууга багыт алат",- деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

23-апрелде Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында иш- чаранын расмий ачылышы өтөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG