Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын Башкы прокуратура мыйзамдын алкагында карап чыгууга аракет жасайт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин комитет жыйынында билдирди.
Анда Кудайберген уулунун жагдайына байланыштуу депутат Мирлан Жээнчороев маселе көтөрүп, активистти үй камагына чыгарууну суранган.
Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Тилекмат Кудайберген уулуна Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык айып коюлган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта камакка алынган.
9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Кудайберген уулу алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. Активист камалгандан соң нааразылык иретинде ачкачылык жарыяларын айтып, кийинчерээк токтоткон.
Кудайберген уулу жана башка активисттер каршы чыккан Конституциянын жаңы долбоору 11-апрелдеги референдумда кабыл алынды. Жаңы баш мыйзам парламенттин ыйгарым укуктары төмөндөтүлүп, президенттик башкарууга артыкчылык берилген. (SE)
Дагы караңыз
Ноокат: жолдун оңдолушун талап кылгандар митингге чыгышты ЖК: улутташтырылган мүлктөргө байланыштуу маселе көтөрүлдү Зулушев өтө коррупциялашкан беш министрликти атадыЖурналист Болот Темиров антимитингди ашкереледи«Уу коргошун бир дагы вирусту өлтүрө албайт» Ала качуу: былтыр 210 факт катталган, анын 11и гана сотко жеткенCOVID-19: оору дагы 225 адамдан аныкталды, эки бейтап көз жумдуНарында Тайлак баатыр тууралуу тасма тартылды"Манас" аэропорту менен Татарстандын "Ядран" компаниясы кызматташууну караштыруудаCOVAX программасынын алкагында медициналык каражаттар келдиЭлмирбек акынды жаштар эскеришти