Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:58

Зулушев өтө коррупциялашкан беш министрликти атады


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокуратура былтыр мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлин талдап-иликтеп чыккан. Анын натыйжасында, Мамлекеттик каттоо кызматы, Транспорт жана жол министрлиги, Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги паракорчулукка байланыштуу сап башына чыккан. Бул мекемелерде жалпысынан бир жылдын ичинде 42 факт катталган.

Мындай маалыматты башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айтты.

“Бул мекемелер мамлекеттик кызматтарды көрсөтүп, эл менен иштейт. Түрдүү коррупциялык көрүнүштөргө барууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бүгүнкү күндө жашыруун эмес, бардык органдар коррупциянын сазына баткан”, - деди Зулушев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу 2020-жылдын октябрь айынан бери мамлекетке 5 миллиард сомдон ашуун каражат түшкөнүн жарыялаган. Алардын 3 миллиард сому акчалай, калганы мүлк түрүндө алынган. Каражаттар тергөө амалдары бүткөнгө чейин атайын кызматтын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мамлекеттик казынага салынат. (MiK)

XS
SM
MD
LG