Монополияны жөнгө салуу агенттигин Кеңешбай Тайлаков жетектейт

Кеңешбай Тайлаков.

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору болуп Кеңешбай Тайлаков дайындалды.

Мекеменин 15-апрелдеги маалыматына караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

14-апрелде Тайлаков ишке расмий киришкени белгилүү болду.

Ал буга чейин агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген. (NT)

Дагы караңыз

Пригородное айылындагы аялдардын насыя боюнча нааразылык акциясы аяктадыУКМК: Матраимовдун кылмыш иши токтотулду, аны камакка алуу тууралуу чечим жокко чыгарылды Сот Токтоучиковдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат бердиАсылбаева: Чыккынчылыкка шектүү адамдын казак диаспорасына тиешеси жок Нааразы партиялардын өкүлдөрү ачкачылык акциясын токтотту