Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Асылбаева: Чыккынчылыкка шектүү адамдын казак диаспорасына тиешеси жок


Гүлшат Асылбаева.
Гүлшат Асылбаева.

Парламент депутаты Гүлшат Асылбаева мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалган Марат Токтоучиковдун Кыргызстандагы казактардын диаспорасына тиешеси жок экенин билдирип чыкты.

Ал Кыргызстандагы казактар ассоциациясын 2018-жылдан бери башкарып келе жатканын, учурда Токтоучиков ага жетекчи да, мүчө да эмес экенин айтты.

"Ассоциациянын Токтоучиковдун кай жакта иштегенинен кабары жок. Анын журналист жана фрилансер болуп иштегени бизге белгилүү ".

Депутат жалпыга маалымдоо каражаттарын кармалган адамдын улутуна басым жасабоого жана диаспоранын беделине көлөкө түшүрбөөгө чакырды.

Марат Токтоучиков 13-апрелде чыккынчылыкка айыпталып кармалганын Улуттук коопсуздук кызматы 14-апрелде кабарлаган. Аны менен кошо кыргызстандык серепчи Марат Казакпаев да кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу мындан башка маалымат бериле элек.

Жергиликтүү медиалар УКМКнын маалыматынан кийин Токтоучиков өлкөдөгү казактар диаспорасынын мурдагы жетекчиси экенин жазып чыгышкан. Буга чейин коомчулукка белгисиз болгон бул адамдын жакындарынан жана адвокаттарынан маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Өткөн аптада “Азия Ньюс” гезити менен бул басылмага таандык aryba.kg сайты Казакпаевдин “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген темадагы маектерин жарыялаган. Анда серепчи азыркы бийликтин, анын ичинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу аракеттерин сынга алган. (NT)

XS
SM
MD
LG