Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:26

Сот Токтоучиковдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат берди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 14-апрелдеги токтомуна ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталган Марат Токтоучиков эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сот чечими менен шектүү 13-июнга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат. Ушул эле күнү аны менен кошо айыпталып, кармалган кыргызстандык эксперт Марат Казакпаевдин бөгөт чарасы каралган. Сот аны 14-июнга чейин камакка алган.

Атайын кызмат аты аталгандар мамлекетке чыккынчылык үчүн шектүү катары кармалганын маалымдаган. Азырынча кылмыш иши тууралуу мындан башка маалымат бере элек. Алар кайсы мамлекеттин пайдасына чыккынчылык кылды деп айыпталып жатканы да белгисиз.

Райондук сот иштин материалдарында "жашыруун" деген гриф бар болгону үчүн толук маалымат берилбей турганын айтууда.

Жергиликтүү медиалар Токтоучиков өлкөдөгү казактар диаспорасынын мурдагы жетекчиси экенин жазып чыгышкан. Парламент депутаты, Кыргызстандагы казактар бирлигин жетектеген Гүлшат Асылбаева анын диаспорага тиешеси жок экенин билдирип чыкты.

Марат Казакпаев - Кыргызстандагы таанымал эксперттердин бири. Ал эми Токтоучиковдун коомдук активдүүлүгү тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. Кармалгандардын жакындарынан жана адвокаттардан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Өткөн аптада “Азия Ньюс” гезити менен бул басылмага таандык aryba.kg сайты Казакпаевдин “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген темадагы маектерин жарыялаган. Анда серепчи азыркы бийликтин, анын ичинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу аракеттерин сынга алган. (NT)

XS
SM
MD
LG