Наманган каналында дайынсыз жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, кыздын атасы Чартак райондук прокуратурасына 5-апрелде кайрылып, кызы эртең менен мектепке кетип, ошол бойдон кайрылып келбегенин билдирген.
Издөө иштеринин жыйынтыгында «Катта Наманган» каналындагы көпүрөнүн жанынан окуучу кыздын сөөгү табылган.
Кийинчерээк прокуратура кызды жеңеси мектептен алып баратып каналга түртүп жибергени аныкталганын маалымдады. Ушу тапта шектүү кармалды, ага карата «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Дагы караңыз
COVID-19: Орусия Түркияга аба каттамдарды токтоттуТалиптер Түркиядагы Ооганстан тынчтык жыйынына катышууга даяр эместигин маалымдаштыОрусиянын Украинанын чыгышындагы "оюну" тынчсыздандыруудаКиев Москвадан жооп ала албай жатканын билдирдиӨзбек-казак чек арасында ири соода борбору курула баштады Сирия: Идлибде химиялык курал колдонулганы белгилүү болдуАдвокат: Милиция Айзаданын өлүмүн иликтебей жататТурапов: Опера жана балет театрындагы симфониялык оркестрдин аспаптары эскиргенШайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгы 35 күндө белгилүү болот