Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелде бул мөөнөт мыйзам менен бекитилгенин маалымдады. Ал эми референдумда кабыл алынган чечим расмий жыйынтык жарыяланган соң күчүнө кирет:
"Бул жолу добушка Баш мыйзамдын жаңы долбоору коюлуп жаткандыктан, анын күчүнө кирүүсү үчүн мыйзам тарабынан бекитилген шарт бар. Жаңы редакцияга президент кол коюп, ал жарыяланган соң күчүнө кирет".
Шайлдабекова Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып мыйзамдарды өзгөртүүгө туура келерин эскертти. Мисалы, "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам Конституциянын жаңы долбооруна ылайыкталып өзгөртүлүүгө тийиш. Ал эми өкмөттүн иши тууралуу мыйзамдар Конституциядагы өзгөртүүлөргө ыңгайлаштырылып, укуктук актылар аркылуу ишке ашырылат.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы "макул" деген добуш беришти. Жергиликтүү кеңештерге да шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыяланды.
Буга чейин бир нече партия эреже бузулду деген негизде жергиликтүү кеңештерге добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыгышкан.
Президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 11-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш берген.
Жаңы Конституция боюнча, президент 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.
2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.
Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.(ZKo)