Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Сирия: Идлибде химиялык курал колдонулганы белгилүү болду


Сирияда химиялык чабуулдан жабыркаган балдар. 25-февраль, 2018-жыл.
Сирияда химиялык чабуулдан жабыркаган балдар. 25-февраль, 2018-жыл.

Химиялык курал колдонууну байкоочу эл аралык уюм 12-апрелде изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда Сириянын аскер-аба күчтөрү 2018-жылы февраль айында сириялык көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Идлиб шаарына асмандан хлор аралашкан химиялык зат чачканы айтылат.

Бул химиялык чабуулдан бир нече күндөн кийин химиялык заттан ондогон адамдар ууланып, ооруп, дарыланууга мажбур болгону изилдөө учурунда ырасталган.

Сириянын президенти Башар Асад жана анын Орусия баш болгон өнөктөштөрү көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймактарда химиялык курал колдонуу учурлары болгонун четке кагып келишкен.

Хлорду жана хлор кошулмасы бар жапырт кыргын салуучу химиялык зыяндуу заттарды куралдуу чыр-чатактарда колдонууга тыюу салынган. Бул эл аралык Конвенция 1997-жылы кабыл алынып, аны байкоочу кызматы Гаагада жайгашкан.

XS
SM
MD
LG