COVID-19: Эмделгендердин абалы канааттандырарлык

Коронавирус инфекциясына каршы эмделип жаткан жаран. Бишкек. Март, 2021-жыл.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 11-апрелге карата 2 148 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Маалыматта: "Коронавируска каршы эмделген адамдардын 9,46% башы ооруган; 3,28% дене табы көтөрүлгөн; 6,82% вакцина сайылган жери ооруган, 6,92% эмдөөдөн кийин өздөрүн алсыз сезишкен. Эмделгендердин 2,91% чыйрыкканын, 2,18% башы бир аз айланганын, 0,47% кан басымы көтөрүлгөнүн, ал эми 0,36% коркуу сезими болгонун билдиришкен", деп жазылган.

11-апрелге карата Бишкек шаарында 350, Ош шаарында 349, Чүй облусунда 239, Ош облусунда 724, Ысык-Көл облусунда 119, Нарында 310, Жалал-Абад облусунда 40, Баткенде 17 адам эмдөөдөн өттү.

Министрликтин маалыматына караганда, эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлүүдө. Ага Кытайдын "Sinopharm" компаниясынын вакцинасы колдонулууда.

75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери кабарланган.

Эмдөө боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда.(ZKo)

Дагы караңыз

Милиция: Таласта акча таратылганы жөнүндө маалымат такталган жокЖалал-Абадда шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча төрт маалымат түштүБритан министри Орусияны Украинадагы абалды курчутпоого чакырды Футболчулар зомбулукка каршы мелдеш уюштурдуЧүйдө дайынсыз болуп жаткан аял табылдыБШКга мыйзам бузуулар боюнча 43 кайрылуу түштүМелис Мырзакматов шайлоо боюнча президентке кайрылдыКытай бийлиги «Alibaba» корпорациясына 2,8 миллиард доллар айып салдыБыйылкы зекеттин баасы бекитилди