Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:57

Кытай бийлиги «Alibaba» корпорациясына 2,8 миллиард доллар айып салды


Жек Ма
Жек Ма

Кытайдын бийлиги антимонополиялык иликтөөнүн алкагында миллиардер Жек Ма түптөгөн «Alibaba» корпорациясына 2,8 миллиард доллар айып салды. Бул өлкө тарыхындагы эң көп суммадагы айып болуп калды. Жек Ма былтыр октябрда Кытай бийлигине ачык сын айткандан кийин үч айга жакын эл алдына чыкпай, дайыны белгисиз болуп кеткен эле.

Ма - Кытайдагы эң бай адамдардын бири. "Forbes" журналы анын байлыгын 65,5 миллиард доллар деп эсептеп чыккан. Былтыр 24-октябрда ал Шанхайдагы ири экономикалык жыйынга катышып, анда Кытайдын базар мамилелерин жөнгө салуучу мекемесин курч сындап сөз сүйлөгөн. Мындан соң бийлик «Alibaba» компаниясынын электрондук төлөмдөрдү уюштурган каржылык бутагы болгон «Ant Group» компаниясынын ишмердигине бөгөт коюп, иликтөө баштаган. Былтыр күздөн тартып Жек Манын активдери болжол менен 15 миллиард долларга төмөндөп, учурда Кытайдын байларынын тизмесинде төртүнчү орунду ээледи.

2020-жылы ноябрь айында Ма түптөгөн «Ant Group» компаниясы акциясын биржага чыгармак. Анда бул компанияга Шанхай жана Гонконгдон 34,5 миллиард доллар тартылып, өлкө тарыхындагы эң ири IPO (initial public offering – алгачкы коомдук жайгаштыруу) болмок. Мындан соң компаниянын жалпы баасы 315 миллиард долларды түзүп, дүйнөдөгү эң кымбат ишканага айланышы мүмкүн экени болжолдонуп жаткан. Бирок биржага чыгарууга эки күн калганда Кытай бийлиги бул финансылык иш-чараны үзгүлтүккө учураткан.

XS
SM
MD
LG